Банкка барбай эле депозит ачса болобу? Депозиттер боюнча суроого адис жооп берет
"Айыл Банктын" кызматкери Максат Акаков Bilesinbi.kg сайтынын түз эфиринде конокто болуп, депозиттер боюнча суроолорго жооп берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.
Азыркы учурда “Айыл Банкта” кандай акциялар болуп жатат?
Саламатсызбы! Быйыл "Айыл Банк" 25 жашка толду. 25 жылдык мааракесинин урматына кардарларыбыз үчүн “стандарттык ставкага 1 кошуу жана кошуу 2” акциясын баштадык. 2021-жылдын 10-майынан 2021-жылдын 10-августуна чейин ар бир адам улуттук валютада "Керемет", "Ардагер" жана "Кенч" депозиттерин 24 жана 36 айга, башкача айтканда, 2 жана 3 жылга 14% га чейин ача алышат.
Депозит ачуу үчүн эмне кылуу керек?
Депозит ачкысы келген адам паспорту менен банкка кайрылат. Ошол жерден келишим түзүлүп, эсеп ачылат. ab.kg сайтыбызда депозиттин ар кандай түрлөрү бар. Кардар кааласа сом, рубль же доллар менен ача алат.
Банкка барбай эле депозит ачса болобу?
Дистанциондук түрдө депозиттин шарттары менен таанышып чыксаңыз болот. Ал эми келишимге кол коюу үчүн сөзсүз банкка келишиңиз керек. Бирок, кийин депозитти ЭЛКАРТ тиркемеси аркылуу эле толуктай бересиз. Бул учурда банкка келүүнүн зарылчылыгы жок.
Депозиттин пайызы жылынан көз карандыбы?
Ооба, депозитти узак убакытка ачсаңыз, пайызы дагы жогору болот.
«Айылга салым» депозитинин шарттарын айтып бересизби.
Албетте, айтып бере алам. Депозиттин шарттары:
- Минималдык сумма: 5000 KGS; 5000 RUB; 100 USD
- Проценттер ай сайын төлөнүп берилет
- Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулса – проценттер депозиттин чыныгы колдонуу мөөнөтүнө жараша төлөнүп берилет.
Келишимдин мөөнөтү (ай) | “Айылга салым” | ||
KGS | USD | RUB | |
12 | 6%-8% | 1,75% | 2,5%-3,5% |
24 | 7%-9% | 1%-2% | 3,5%-4,5% |
36 | 8%-10% | 1,25%-2,25% | 4%-5% |
48 | 9%-11% | 1,5%-2,5% | 5%-6% |
60 | 10%-12% | 2%-3% | 6%-7% |