// //

Эркектердин климаксы аялдардыкына окшоп сыртынан билинбейт

2021.05.22, 10:40
2946

“Кортекс” клиникасынын адиси,  уролог Азат Бейшенов простата безинин аденома оорусу тууралуу айтып берди.

Простата безинин аденомасы – эркектердин климаксы. Аялдар климакс болгондо тердеп, өзүн башкача сезип, кан басымы көтөрүлсө, эркектердики сыртынан билинбейт. Мындай өзгөрүүлөр простата безинин аденомасы аркылуу көрүнөт.

Простата безинин аденома оорусу - 100% эркектин баарында тең болот.

Ошондуктан, жылына УЗИ диагностикадан өтүп, простата без шишиги залалдуубу же жокпу билүү үчүн ПСА (простата специфический антиген) анализин тапшыруу керек.

Оорунун белгилери:

  • түнкүсүн заара кылганы 2 же андан көп жолу ойгонот
  • заара кылып бүткөндөн кийин табарсыкта сийдик калып калгандай сезим пайда болот
  • заара ушата албай 1-2 мүнөт турушу мүмкүн.

Дарылоонун 2 жолу бар:

  1. Дары-дармек аркылуу – бейтап өз убагында кайрылса.
  2. Операция  – простата бези өтө эле чоңоюп кетсе.

Простатитти убагында дарыласа, аденома простата жеңилирээк өтөт. Ошондой эле, “простатитти дарылап жүрөм, бирок, эмне үчүн аденома пайда болду?” дегендер жок эмес. Айта кетчү нерсе, простата безинин аденомасы атадан балага өтүп тукум куушу мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт