Маршруткада болгон окуя: "Мас жүргүнчү колумдан өөп..."
Окурманыбыз маршруткадан мас киши асылганын айтып bilesinbi.kg редакциясына кайрылды. Өкүнүчтүүсү, бир да жүргүнчү жардамга келбептир.
Саламатсызбы! Сиздин кеңешиңизге муктажмын.
Сабактан жаңы эле чыккам. Аярламада маршрутка күтүп турсам, жаныма жашы 60тарга чамалап калган киши келип, “Сен Актандын кызы эмессиңби?”, - деп сурады. Оозунан арактын жыты буруксуйт. Баш чайкап ары басып кеттим. Кечке мени карап турду.
Маршрутка келди. Аркаман түштү. Алдыда эки орундук бош экен. Отурдум. Тиги киши бет маңдайыма туруп алды.
Оозу-мурдун кыйшыйтып, көздөрүн ойноктотуп ачык эле тийише баштады. “Чоң атамдай эле киши экенсиз, уят эмеспи!”- дедим. Токтоп калган жок. Түшүп кетейин деп ордуман туруп баратсам колумду кармап өөп жиберди. “Собака”, - деп жаактан ары бир чаптым. Колумду кое бербейт. Тепкилеп кирдим.
Артта улуу байкелер, эжелер отурган. Бири жардам берген жок, айдоочу да бейкапар баратты. Адамдардын жүрөгү таш болуп калганын ошондо билдим.
Коркконуман ыйлап жибердим. Колумду тартып алып, маршруткадан түшүүгө шаштым. Жөн калбай терезени тыкылдатып, "жакшы бар" дегенсип колун булгалады.
Айтыңызчы, мен эмне кылышым керек эле? Укугум тебеленип калгандай өзүмдү жаман сезип жатам.
Юрист Нурислам Раимжанов милицияга арыз жазуу керек экенин айтты.
Урматтуу окурман, кайгырбаңыз! Мындай абалга кабылганда, өз укугун мыкты билген адам да өзүн жоготуп коюушу мүмкүн.
Келиңиз, эмне кылуу керек эле, карап көрөлү:
- Өзүңүздү жоготпоңуз;
- Коркконуңузду билдирбеңиз;
- Адамдар качан жардамга келет деп күтпөй, биринчи жардам сураңыз;
- Эч ким жардам бербесе, 102 номерине чалып, аты-жөнүңүздү, тийишип жаткан кишинин белгилерин, кайсыл маршруткада, кайда баратканыңызды кабарлаңыз;
- Милиция кызматкерлери келгенче эл көп жерде болуңуз (коомдук жайда бир аз да болсо коопсуз);
- Сизге тийишип жаткан адамды видеотасмага тартып алууга аракет кылыңыз.
Милицияга окуя кайсы аярламадан болгонун айтып, арыз жазыңыз. Ошол жерде же айланасында видео байкоо бар болушу мүмкүн.