Сабак, намаз окуп жатканда күлкүм келе берет. Оорулумунбу?
Саламатсызбы! Суроо төмөнкүчө. Мен сабак учурунда же намаз окуп жатканда күлкүм келип, өзүмдү кармана албай каламын. Бул сапатты кантип токтотсом болот? Же бул оорубу?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Сурооңузга кенен жооп берүү үчүн маалымат аздык кылат. Ошентсе да аракет кылып көрөйүн.
Жалпылап айтып кетсем күлкүнүн ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, тамашага күлүү, туталанып күлүү, ызаланып күлүү ж.б. Оору же оору эмес деп диагноз коюу үчүн текшерилүү керек.
Бул сапатты токтотом дегенге чейин өзүңүзгө суроо берип көрүңүз. Мындай учурда менде кандай ойлор болот? Кандай сезимдерге туш болом?
Адам күлкү аркылуу ар кандай сезимдерди чыгарат. Ачулануу, тынчсыздануу, таарынуу, бир нерсеге болгон кызыгууну деле күлкү аркылуу чыгарганга болот.
Сабак, намаз окуу учурунда өзүңүз менен жакшы контактта болосуз. Анан кандайдыр бир сезимдериңиз көтөрүлүп чыгышы ыктымал. Ошондуктан өзүңүзгө суроо берип, издилдеңиз.
Себеби табылгандан кийин ошол себеп менен иштеңиз. Ошондон кийин күлкүңүздү башкарганды үйрөнөсүз.
Ийгилик!