Простатит жыныстык катнаш аркылуу аялыма жугушу мүмкүнбү?
2021.05.18, 11:57
1789
Саламатсызбы! Досумдун күйөөсү простатит менен ооруйт экен. Простатит кошулганда аялына жукпайбы? Ушул жөнүндө билейин дегем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.05.2021, 12:03
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Простатит - бул эркектердин оорусу, жыныстык катнаш аркылуу жукпайт. Бирок, простатит микробдордун негизинде пайда болсо, анда ошол микробдор аялга өтүшү мүмкүн. Ошондуктан, простатит болгон эркектерде сөзсүз урологго кайрылып, жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларга ПЦР тапшырышы керек.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп