// //

Бирөөлөр менен себепсиз эле урушкум келет. Эмне кылсам болот?

2021.05.17, 09:54
1616

Саламатсызбы! Жашым 31де. Менин суроомо жооп алып бересиз деген ойдомун. Акыркы күндөрү тез-тез ачуум келет. Себеби жок бирөөлөр менен урушкум келет. Себеп болуп калса мушташканга чейин барам. Адамдар көзүмө мага акыйтсыздык, жамандык каалап жаткандай сезилет. Мурда мындайым жок эле. Акыркы бир жыл аралыгында кыйналып кеттим. Эч кимге айта албайм, айтсам "сен жинди болдуң" же "жин оорусу менен оорудуң" деген сөздөрдөн уялам. Жадакалса келинчегиме да айталбайм. Башкаларга сыр билгизбегенге аракет кылам, бирок ичимден жинденип кыйнала берем. Эмне кылсам болот? Кайсы жака кайрылсам болот? Бул оорубу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.05.2021, 10:09

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Кутмандуу күнүңүз менен! Сиз "себепсиз ачуулануу" жөнүндө айтып жатасыз, бирок себеби жок болгон учурлар сейрек кездешет. Ошондой эле, өзүңүздүн чыңалганыңызды жана жыйынтыгы ачууланууга алып келген көптөгөн сезимдерди ичиңизде кармай турганыңызды жазыпсыз.

Адамдардын сизге жамандык каалап жатканын элесетүү жана ага ишенүү менен жашоо кыйын. Жалгыз жана сырларын эч ким менен бөлүшө албаган адам сыяктуу сезилесиз. Бирок, так сунуштарды берүү үчүн, сизге суроолорду берип, көбүрөөк маалымат алышым керет. 

Ачуулануу ар дайым маанилүү бир нерсени билдирип турат. Дайыма эле дароо билине бербеген кандайдыр бир каалоо болушу мүмкүн. Ал эмне каалоо экенин таап жана канааттандыруу керек. Психологго кайрылыңыз. Адис менен кеңешүү учурунда сиз өзүңүз үчүн көп нерсени тактап алсаңыз болот.

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт