Пранкка кабылып нес болуп калдым. Бул абалдан кантип чыксам болот?
Саламатсызбы! Менин суроом психологго. Пранкка кабылып нес болуп калдым. Өзүмдү жаман сезип жатам. Бул абалдан кантип чыксам болот?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Кутмандуу күнүңүз менен! Пранк тамаша болгону менен, чындыгында, бир топ агрессивдүү жана каардуу, эми агрессия десек туура эле болот. Албетте, абалыңызды толук түшүнүү үчүн, сиз менен болгон окуялардын деталдарын билүү маанилүү. Балким, сиз муну зордук-зомбулук катары кабыл алдыңыз. Кандай гана болбосун, сиздин чектериңиз бузулган.
Жаман тамашалар бизге катуу зыян келтириши мүмкүн. Көбүнчө, алар буга чейин башыңыздан толук өткөрбөгөн тажрыйбаларды козгоп, нааразычылык, ачуулануу жана кайгы сезимдерин пайда кылат. Мындай кырдаалда сизге эмне көбүрөөк зыян келтиргенин аныктап, кырдаалды көзөмөлгө алып жана өзүңүздүн эмоцияларыңызды кайтарып алуу үчүн эмне кылышыңыз керек экенин тактап чыгууңуз керек.
Биринчиден, төмөнкү кадамдар зарыл:
- Окуя чынында кандай болду?
- Бул боюнча сиздин сезимдериңиз жана реакцияларыңыз.
- Ичиңизде эмне калды жана ал кимге багытталган?
- Балансты калыбына келтирүү үчүн сизге эмне керек?
Ичиңизде болуп жаткан сезимдерди түшүнүү менен, өзүңүздү оорчулуктан арылта аласыз.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.