УЗИ кош бойлуулуктун мөөнөтүн жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз эки жыл бала күттүк. Ортодон бир ай таарынышып, кайра жарашып кошулдук. Азыр кош бойлуумун. Бирок УЗИден жети жума деп көрсөтүп жатат. Биздин жыныстык катнашка барганыбызга беш эле жума болгон. УЗИ жаңылып калышы мүмкүнбү? Күйөөм мага ишенбей жатат. Мен андан башка эч ким менен болгон эмесмин.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Ооба, адатта, кош бойлуулуктун башталышында, УЗИден мөөнөтү эки жумага чейин айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле, мөөнөтүн өзүңүз кандай эсептегениңизден көз каранды: айызыңыздын биринчи же акыркы күнүнөн баштапты дегендей. Этек кир циклдин узактыгы дагы маанилүү: эрте овуляция болушу мүмкүн. Ушундан улам кош бойлуулуктун мөөнөтүндө айырмалар байкалат. Эгер өзүңүзгө 100 пайыз ишенсеңиз, анда жолдошуңузга аталыкты аныктоо тестин сунуштаңыз. Бул анализ кымбат турат, көп акча кетет, бирок ал үчүн сабак болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.