// //

Гинеколог канча жигит менен болгонумду сурайт. Эмнеге муну билгилери келет?

2021.05.11, 10:49
3498

Саламатсызбы! Мен 26 жаштамын. Гинекологдорго көрүнгөнү барсам, канча жигит менен болгонумду сурай беришет. Жыныстык жашоо менен жашайм. Ошентсе дагы, кээде калп айтып коем. Бул так диагноз коюуга тоскоол болобу? Эмнеге гинеколог канча жигит менен болгонумду билиши керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.05.2021, 10:56

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Өнөктөштөрдүн саны жана алардын өзгөрүү жыштыгы репродуктивдик системанын, биринчи кезекте, жугуштуу мүнөздөгү айрым ооруларынын тобокелдигин көрсөтүшү мүмкүн.

Өнөктөштөрү көп же аларды тез-тез алмаштырып турган аялдарда жатын моюнчасынын рак оорусу жогору болот. Анткени, ал жыныстык жол менен гана жуккан адамдын папилломавирусунан келип чыгат. Ошондой эле, анын ичиндеги сифилис, гепатит вирустары, ВИЧ жана башкалардын дагы тобокелдиги бийик.

Ошондуктан, бул маалымат гинеколог үчүн абдан маанилүү. Демек, ал башка бирөөнүн жеке жашоосуна кызыкканы үчүн сурабайт.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт