// //

Балалуу болуу үчүн канча канча урук керек? Уролог айтып берет

2021.05.09, 18:18
12580

Балалуу болуу үчүн канча сперма керек? Уруктун сапаты эмне себептен төмөндөйт? Бул тууралуу Медицина илимдеринин доктору, уролог, Улуттук госпиталдын жалпы урология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Садырбеков айтып берет.

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча, тукумсуздук - бул жубайлардын баш кошкондон кийин бир жыл ичинде балалуу боло албашы.

Уруктун сапатын эмнелер төмөндөтөт?

Уруктун пайызын төмөндөткөн себептер абдан көп. Баары балачактан башталат. Алсак:

  • Чоңойгон чөйрө (үй-бүлөсүнүн жашоо шарты)
  • Ичкен тамак-аш
  • Жугуштуу оорулар: мисалы, кызамык.
  • Жаракаттар
  • Варикоцеле. Кээ бир жетилип келаткан балдардын жумурткаларынын өсүүсү токтоп же кан тамырлары кеңейип кетет. Жыйынтыгында, кан жүгүрбөй, жумуртка куурай баштайт.
  • Жыныстык жактан жугуучу оорулар
  • Инфекциялар
  • Гормондук бузулуулар
  • Жыныс органдарынын шишик оорулары
  • Туура эмес жашоо образы ж.б.

Булардын кесепетинен улам, урук анализинде (спермограмма) сперматозоид жок болуп чыгат.

Акыркы убактарда тукумсуздукка чалдыккан эркектер көбөйүүдө ( 35-40%).

Балалуу болуу үчүн уруктун пайызы канча болуш керек?

Балалуу болуу үчүн анализге алынган 1 мл эякулятта 20 миллион сперматозоид болуп, пайызы 20дан жогору болуш керек. Ал эми бүт эякулятта жалпы көлөмү 60 миллион болушу зарыл.

Дарылоо кантип жүргүзүлөт?

Дарылоонун бир канча жолдору бар. Айрымдарына токтоло кетсем:

  • Биринчи бейтапты толук текшерүүгө алабыз (бөйрөгүн, табарсыгын, простата безин, жумурткаларын, гормондорун ж.б).
  • Урук барбы же жокпу билүү үчүн жумурткасын кесип (биопсия), урук табылса алып, тоңдуруп коебуз. Кийин аны ЭКО жолу менен колдонсо болот.
  • Спермограмма анализинде сперматозоиддер бар, бирок кыймылы начар болсо, атайын препараттар менен дарылайбыз.
  • Эч эле болбосо, инсеминация (жасалма жол) менен уругунун пайызын көтөрүп туруп, аялдын жатынына куябыз.

 Алдын алуу жолдору

  • Туура тамактануу
  • Спорт менен машыгуу
  • Ичимдиктен, баңгизаттан, чылымдан алыс болуу
  • Стресстен качуу
  • Денеге чапташкан ич кийим кийбөө
  • Профилактика үчүн урологдорго барып текшерилип туруу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт