Ук, аракет кыл, изден: кесип тандоого жардам берген кеңештер
Мектепти бүтөрүңө аз калды, бирок дагы деле кесип тандай элексиңби? Ата-энең, досторуң сунуштаган варинаттар жакпай жатабы? Эл аралык Ала-Тоо университетинин мугалими, илимдер кандидаты Рустам Умаров кесип тандоо боюнча кеңеш берет.
Өзүңдү таанып бил
Өзүңүздү-өзүңүз таанып билиңиз. Жөндөмүңүзгө жана мүмкүнчүлүгүңүзгө баа бериңиз. Эгерде так илимдерге кызыксаңыз ошол багыттагы кесиптердин тизмесин түзүп чыгыңыз. Гуманитардык чөйрөдө өнүгүүнү кааласаңыз, айтылуу тармактагы адистиктерди санаңыз. Жыйынтыгында баарын анализдеңиз. Жакшылап ойлонуп бир чечимге келиңиз.
Иш жүзүндө байкап көр
"Мен эмнени жактырганымды билбейм" деген суроо пайда болушу мүмкүн. Бул таң калыштуу деле эмес. Анткени, баарыбыз эле иш жүзүндө байкап көрмөйүн жагабы же жокпу так айта албайбыз. Сиздики же сиздики эмеспи түшүнүүнүн эң оңой жолу - ошол кесиптик чөйрөгө аралашуу жана кесип ээлери менен баарлашуу. Профориентациялык тесттерден өтүп (интернетте бар), университеттердин семинарларына, ачык эшик күндөрүнө барып катышыңыз.
Кыйынчылыктарга даяр бол
Баары дароо боло калбайт. Кыялдар орундалышы үчүн аракет кылып, талыкпай эмгектенүү зарыл. Мыкты кесип ээси болуу үчүн, адегенде профессионалдык жактан өсүшүңүз керек. Издениңиз, билим алыңыз, кыйынчылыктардан коркпоңуз.
Ата-энең менен сүйлөш
Ата-энеңиз сиздин өзүңүз билбеген тараптарыңызды байкашы мүмкүн. Андыктан, экөөңөр эки башка кесипти каалап жатсаңыз дагы, алардын кеңештерине кулак салыңыз. Бирок, чечим чыгарууда жүрөгүңүздү угуңуз, анткени ал жерде апаңыз же атаңыз эмес, сиз иштейсиз. Ата-энелер эмнеге каршы болот, анткени алар тандаган кесибиңизге ишенбей жаткан болушу мүмкүн. Эгер ушундай көйгөйгө туш болсоңуз, аларга ал кесипти эмне үчүн тандаңыз жакшылап түшүндүрүңүз.
Жүрөгүңдү ук
Кесип тандап жатканда көбү эмгек маянасына, актуалдуулугуна карашат. Ооба, бул туура, бирок бир нерсени айтып коюу керек. Жакшы көрбөгөн, таң эрте туруп сүйүнүп жөнөбөгөн жумушта иштөө кыйын. Акчасы жакшы болгон күндө дагы, жүрөгүң башка кесипти каалап турса, ал жерде көпкө кармала албайсың. Андыктан, бирөөлөрдү эмес, жүрөгүңүздү угуңуз.