Аборт убагында инфекция жугуп же суук тийип калышы мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Жолдошумдун жыныстык мүчөсү кычышат. Мурун бир дагы жолу андай болгон эмесмин айтат. Кыздарга барбайт, мени менен кошулат. Менде инфекция бар деп шектенем. Врачка бар десем көнбөйт. 2018-жылы эки жолу аборт кылгам. Аборт убагында инфекция жугуп, суук тийип калышы мүмкүнбү? Биринчи абортумда темир менен алган кесип, кийин дары менен түшүрүп тазалаттым. Бул аборттордун таасири чоң деп ойлойм. Мазок тапшырышым керекпи?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Тилекке каршы, эркектер дагы оорушат. Сексуалдык өнөктөшү бирөө гана болгон күндө дагы, алардын өз оорулары бар. Аборт учурунда инфекция жукту деп, күйөөңүздүн көйгөйүн өзүңүз чечүүгө аракет кылбаңыз. Бул анын көйгөйү жана адиске кайрылмайынча, ага эч ким жардам бере албайт.
Албетте аборт ар дайым аял үчүн кесепеттерин тийгизет. Азыр байкалбаса дагы, кийинчерээк пайда болушу мүмкүн. Аборт учурунда көп жолу колдонулуучу инструменттер колдонулса дагы, жыныстык жол менен жуккан инфекцияны жуктуруу дээрлик мүмкүн эмес. Анткени аларды колдонгондон кийин жок дегенде 1-2 саат экспозиция менен атайын дезинфекциялоочу каражаттарга салып, кийин аккан суунун астында жууп, андан соң автоклавга тазалашат.
Ооба, айрым учурларда инфекция жугат - бул вирустук гепатит. Эгерде иштетүү эрежелери сакталбаса, инструменттер вируска чалдыгышы мүмкүн. Вирустук гепатит жугузуп алганыңды, вирустун гепатитине кан тапшырганда, бир-эки айдан кийин гана билүүгө болот. Ошондой эле вирустук гепатит асимптоматикалык мүнөзгө ээ, башкача айтканда, эч кандай белгилери байкалбайт, медициналык кароодон өтүп жаткан учурда кокустан табылат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.