// //

Кыздарга кеңеш: Жигитке катты кантип жазыш керек?

2019.01.25, 13:32
3609

Жигитиңе эмне деп жазышты билбей, жарым сааттан бери смартфонуңдун экранын тиктеп олтурасыңбы? Капа болбо, биз сага  жардам беребиз. 

“Мен сени ... үчүн сыйлайм”

Бул кат жигиттин өзүнө болгон ишенимин жогорулатып, аны баалай турганыңды көрсөтөт.

"Бүгүнкү матчка эки билет алып койдум. Даярданып тур!"

Аны таң калтыр. Алганды гана эмес, бергенди да бил.

"Сонун досторуң бар экен!”

Достору менен тааныштыргандан кийин, мыкты достору бар экенин жазып койсоң ыраазы болот.

"Кеңеш бергениң үчүн рахмат!"

Кеңешин уккандан кийин ыраазычылык билдирүүнү унутпа.

"Бүгүн мен үчүн жаман күн болду, бирок сени менен жолугуп өзүмдү жакшы сезип калдым”

Жигитке анын өзгөчө же уникалдуу экенин бат-баттан айтып турсаң, мамилеңер бекемделет.

“Дароо жооп бербей эле койсоң болот. Бош эмес экениңди билем. Иштериңди бүтүргөндөн кийин жазып кой”

"Кайда жүрөсүң?", "Эмнеге дароо жооп бербейсиң?" деп жазсаң жигит кача баштайт. Ал эми мындай билдирүү аны түшүнө турганыңды көрсөтөт. Сени мурдагыдан да катуу баалап калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт