17 жаштагы сиңдим калпты көп сүйлөйт. Кантип жакшы тарапка өзгөртсөм болот?
Саламатсызбы! Бир тууган эжемдин кызы бар, 17 жашта, азыр мен менен жашайт. Апасы Москвада. Атасы кичинесинде кайтыш болгон. Бир жарым жашынан баштап ар кимдин колунда жүрүп чоңойду. Учурда калпты көп сүйлөйт, кайда барса аркасынан жаман сөздөр ээрчийт. Эркин койсок, көчөдө кыздар, балдар менен жүргүсү келет. Колунан телефон түшпөйт. Апасы туура эмес кылган иштерин көрүп урушат. Сиңдим "кайталабаймын, апа" деп, кайра эле өз билгенин кылат. Ичиндеги сырын эч кимге айтпайт, сырдашпайт. Кыска ойлойт. Мен синдимди кантип жакшы тарапка өзгөртсөм болот? Ал туура жолду тандоо үчүн кантип жардам бере алам?
Асель Суюмбаева
Психолог
Саламатсызбы! Учурда балдардан мурун ата-энелерди тарбиялоо зарыл болуп турат. Себеби турмуштун айынан апасы тарбия бермек турсун, жетиштүү көңүл бурбай калган. Мисалы, бир жарым жашынан баштап ар кимдин колунда чоңойду. Чоң энесинин талаптары башка, андан кийин эжесинин тарбия берүү ыкмасы, кыял-жоругу, каалаганы башка болду. Бул учурда бала чаржайыт болуп, кайсы бирин аткарышты билбеген абалга түшүп калды. Үлгү болчу адамды таба албай, натыйжада тил албай калды.
Бала чындыгында өзүнө ишенген, ийгиликтүү, тарбиялуу, сөзү менен кылган иши дал келген адамдарды үлгү тутуп, ошолорду угат.
Кыз мээсинде "атам жок, энем алыста" деп ойлонуп, өзү жашоо үчүн күрөштү. Баарына жагышым керек деп, ар кайсы абалда ар кандай жалган сөздөрдү сүйлөөгө туура келди.
Эми кызды түшүнүп, чын жүрөктөн мээрим берип, көңүл буруу керек. Ар бир адам баласына жаратылыштан түбөлүктүү кыял-жорук берилет, ошону тапканы жардам берүү керек. Качан гана кыздын сизге болгон ишеними күчөгөндө сырдашып, сүйлөшө алат. Бала кезинен ишенген, колдогон, сырын
уккан адамы жок болгон. Ошондуктан ал чындыкты айтып, сезимин билдириштен коркот.
Кел сырдашалы деп эле тим болбостон, анын ишенимине киргенге аракет кылыңыз. Өзүңүздүн сүйлөгөн сөзүңүз, кылган кыймыл аракетиңиз, баскан турганыңызга көңүл бөлүп, үлгү болуңуз. 17 жашта келечек тууралуу ойлоочу мезгилге келиптир. Кыялдарын, максаттарын сурап, колуңуздан келген кеңештериңизди бериңиз.