Беш айлык балама кошумча тамак берсем ичи катып жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Беш айлык балам эмчек эмбейт. Агушанын кашасын, үйдөгү сүттү ичет. Кайнатылган суу дагы берем. Беш күндөн бери ичи катып, ый менен бошонуп жатат. Эмне кылсам болот?
Жаркынай Назарова
Педиатр
Саламатсызбы! Балага кошумча тамакты 6 айынан баштап берүү керек. 4 айга чейин тамак берүүгө тыюу салынат. Анткени, организми даяр эмес болот. Кошумча тамакты эрте бергенден улам ичи катат.
Тамакты алгач чай кашыктын жарымы сыяктуу аз өлчөмдөн баштап, акырындап көбөйтүңүз. Дароо эле көп жедирип салсаңыз ичи катып кыйналат.
Жаңы бере баштаганда бир гана азыктан пюре же ботко жасап бергенге аракет кылыңыз. Көп аралашмадан жасалган тамак берсеңиз дагы кытышы ыктымал. Бара-бара аралаштырсаңыз болот. Мисалы, бир жемишти үч күн берип, ага аллергия болбосо, ичи катпаса, экинчисине өтүп улантасыз.
Ичтин катышына күмөн санаган азыктарды бербей башксына өтүңүз: ун кошулган же камыр тамактарда крахмал көп болгондуктан ичти катырат. Эгер баланын абалы жакшы болсо, кошумча тамактарды токтото турган жакшы, же аз өлчөмдө бериңиз. Аралашма берсеңиз көбүрөөк суу ичириңиз. Баланын ичине массаж жасап, буттарын велосипед тээп жаткан сыяктуу кылып көнүгүүлөрдү кылыңыз.