Бир айлык кызым дем алалбай калып жатат. Бул нормалдуу көрүнүшпү?
Кызым бир айлык. Бат-баттан дем жетпей, дем алалбай калып жатат. Катуу ыйлап жиберет. Педиатрга айтсам, "бул нормалдуу көрүнүш, үч төрт айга чейин ушундай болот" дейт. Чын эле нормалдуу көрүнүшпү?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Эмоционалдык толкундануу, тынчсыздануу же коркуу сезими өтө активдүү болгон учурда дем алуу ритми бузулуп, аба жетпей калышы мүмкүн. Бул канормалдуу көрүнүш.
Бирок, ымыркай тынч абалда болсо, эч кандай кыймыл аракет кылбай эле аба жетпей жатса, анда кооптонууга негиз бар.
Аба жетишсиздиги - дем алуу ритмини, жыштыгы жана тереңдиги бузулган учур.
Балада кычкылтектин жетишсиздиги өз алдынча оору эмес, ар кандай органдардын иштебей калуусунан кабар берет. Мисалы, төмөнкү оорулардын белгиси болушу мүмкүн:
- астма
- аллергия
- өпкө оорусу
- суук тийүү
- вирустук оорулар
- аз кандуулук
- онкологиялык оорулар
- нерв системасынын оорулары ж.б.
Педиатрга алып барып көрсөтүп туруңуз.
Ден соолукта болуңуз!