Сифилис менен ооруганым кош бойлуулукка таасир береби?
Саламатсызбы! Бир жыл мурун сифилис менен ооругам. Дарыланып, кайра анализ тапшырсам таза чыкты. Оору үч жыл жүрөбү? Кайра дарыланышым керекпи? Боюма бүтсө балага коркунучтуу эмеспи?
Айнура Матураимова
Гинеколог
Саламатсызбы! Сифилис көбүнчө жыныстык катнаш жана кан аркылуу жугат. Оору терини, ички органдарды, сөөктү жабыркатат. Кош бойлуу учурунда ооруса, балага түйүлдүк кезинде же төрөт учурунда жугушу мүмкүн.
Эгерде сифилис диагнозу бойго бүткөнгө чейин коюлуп, толук дарылоо жүргүзүлсө, инфекциянин балага берилүү коркунучу аз болот. Ошентсе дагы жукпайт деп айтуу кыйын. Дарылануудан эки-үч жыл өткөндөн кийин гана инфекциянын жугуусу басаңдайт.
Кош бойлуу аялдын анализ жыйынтыгына карап дарыгер балага жугабы же жокпу айтат. Туубаса сифилистин пайда болуусун алдын алуу үчүн, энеге профилактикалык дарылоо жүргүзүлөт. Адатта дарылоо кош бойлуулуктун 20дан 24 жумасына чейин болот.
Бала төрөлгөндөн кийин кайрадан сифилиске текшерүүдөн өтүү керек.
Ден соолукта болуңуз!