Күйөөм алиментке 80 сом төлөйт. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Ажырашканыма 9 жыл болду, бирок ЗАГС боюнча дагы эле үй-бүлөбүз. ЗАГС бар туруп баламды өз фамиляма өткөрө аламбы? Бул нерсенин алиментке тиешеси барбы? Күйөөм алиментти бир жылда бир жолу мыйзамсыз түрдө төлөйт. Маянасы аз жумушка катталып 80, болбоду дегенде 100 сом которот. Факт боюнча башка жерде иштейт. Ушул адепсиздикти кантип оңдосо болот? Алиментти баланын төрөлгөнүнөн баштап өндүрө аламбы? Угушум боюнча бала үч жашка чыкканга чейин энеге дагы төлөнөт экен.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү жана мыйзамсыз төлөп жатканы боюнча өзүңүз жашаган аймактагы сотко арыз жазсаңыз болот. Анткени, Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүндө "Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн" деп көрсөтүлгөн.
Экинчиден, КРнын Үй-бүлө Кодексинин 68-беренесинин 1-бөлүмүндө "Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү" деп көрсөтүлгөн. Ушул эле Кодекстин 74-беренесинде "Эгерде ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса, анда аталык укугунан ажыратылууга негиз болот" деп айтылган.
Демек, балаңыздын атасы өзүнүн милдетин аткарбай жатса, аны аталык укугунан ажыратуу боюнча сотко доо арыз жазышыңыз керек. Бирок, аталык укутан ажыратылган күндө дагы алимент төлөөдөн бошотулбайт.
Андан тышкары, жаңы төрөлгөн баланы бакканыңыз боюнча өзүңүзгө үч жылга алимент өндүрсөңүз болот. Бул үчүн ортодогу бала үч жашка толгонго чейин алимент өндүрүү боюнча доо арыз жазып сотко кайрыласыз. Демек, эки түрдүү алимент алсаңыз болот. Биринчиси балаңызга, экинчиси баланы кароо жүзөөгө ашырганыңыз үчүн өзүңүзгө.
"Алиментти баланын төрөлгөнүнөн баштап өндүрө аламбы?" деген сурооңузга жооп бере кетсем. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинде алимент сотко кайрылган күндөн тартып өндүрүлүүсү керек деп көрсөтүлгөн. Демек, алимент сиз сотко кайрылган күндөн тартып эсептелинет.
Ал эми баланы өз атыңызга өткөрүү үчүн атасынын уруксаты керек болот.