// //

Бардык сөздөрдү жүрөгүмө жакын ала берем. Сабырдуу болуш үчүн эмне кылсам?

2021.04.23, 17:10
1418

Саламатсызбы! Бардык сөздөрдү жүрөгүмө жакын ала берем. Эң жакын адамдарым тамашалап сүйлөсө дагы көтөрө албай ызаланып ыйлайм. Көңүлүм аябай назик. Бирөө урушуп койсо жүрөгүмдө калат. Сөз көтөрүмдүү, сабырдуу болуш үчүн эмне кылсам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.04.2021, 17:16

Асель Суюмбаева

Психолог

Саламатсызбы! Сөз талкалоочу күчкө ээ. Андыктан, кээ бирин укпаганга, кабыл албаганга үйрөнүңүз. Айрым учурда канчалык сабырдуу болсоң дагы сөз же тамаша сени көтөрүп чабат. Ошондуктан, чындап эле тамашабы же шылдыңбы ажырата билишиңиз керек. 

Эгерде сөз аброюңузга, келбетиңизге, акыл-эсиңизге, дегеле жашооңузга шек келтире турган болсо, ал тамаша эмес. Мындай учурда чыдамдуулуктан кереги жок. Өзүңүздү коргоңуз. "Бул тамаша, чыдап коём" деп жүрүп ушул абалга келип калган болушуңуз мүмкүн. Сыртыңыздан унчукпаганыңыз менен ички дүйнөңүз адамдардын сөзүнөн таш бараңга алынып жатат. Аны эч ким билбейт.

Экинчиден, өзүңүзгө болгон ишенимдин жоктугунан сөз көтөрө албайсыз. Ишеним өзүн баалоодон пайда болот. Дэңгээлиңизди жогору баалоо үчүн, ким экениңизди сезип, эмне туура келе турганын издеп табыңыз.

Өзүңүздү өзүңүз байкаңыз. Себеби, өзүңүзгө карата чындыкты көргөндө гана көйгөйдөн арыласыз. Өсүп-өнүгүүгө, алдыңызга максат коюуга жана анын аткарууга  үйрөнөсүз.

Ийгилик каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт