// //

Сүтүм азайып кетти. Кантип көбөйтсөм болот?

2021.04.22, 13:12
1490

Саламатсызбы! Кызыма үч ай болду. Үч-төрт күндөн бери сүтүм аябай азайып кетти. Кайра мурдагыдай болуп көбөйөбү? Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.04.2021, 13:22

Бактыгүл Жанкалиева

Педиатр

Саламатсызбы! Эненин организмине кирген тамак-аштын баары эмчек сүтүнө келип түшөт. Ошондуктан, бала эмизгенде туура тамактанып, пайдалуу  азыктарды колдонуу керек. Кээ бир учурда жеген тамак организмге жакпай, сүт бөлүп чыгуу азайышы мүмкүн. 

Бала эмген сайын сүт келе берет. Андыктан, тез-тез эмизгенге аракет кылыңыз. Күндүз 7-8, түнкүсүн 3-4 жолу эмизиңиз. Айрыкча түнкүсүн сүт көп бөлүнүп чыгат. "Сүтүм айнып калды" деп саап салган туура эмес. 

Суюктук көп ичиңиз. Колдон келишинче жакшыраак тамактаныңыз. Мисалы, балык, эт, жумуртка, жаңгактын түрлөрү, жер жемиштер, гречка, кара буудай наны ж. б. Көп уктап, катуу чарчоодон же капа болуудан алыс болуңуз.

Баса, бала эмчекти сүт калбай калганча эмсе, сүт көбүрөөк бөлүнүп чыгышына шарт түзүлөт. 

Ден соолукта болуңуз!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт