Эгиз балдарыбыз чарчап калгандан кийин жолдошум таштап кетти. Эмне кылсам болот?

2021.04.21, 11:33
1092

Саламатсызбы! Мен аябай оор абалда турам. Жакында ажыраштым. Бул экинчи турмушум эле. Биринчи күйөөмдөн кызым бар. Экинчи жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Алты жыл жашап балалуу боло албадык. Барбаган жерибиз калган жок. Акыры ЭКО менен эгиз төрөдүм. Тилекке каршы, бир ай өткөн соң балдарым чарчап калды. Абдан стресс болдум. Аларды эми унута баштаганда, минтип жолдошум таштап кетти. Эмне кыларымды билбей калдым. Депрессияга түшүп чыга албай жатам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.04.2021, 12:23

Таалай Жакыпов

Психолог

Саламатсызбы! "Мен эмне кылышым керек?" деген сурооңузга жашоонун жаңы барагын ачыңыз деп жооп бергим келет. Таза ойлор, жаңы адамдар менен каалоолордон баштаңыз. Кайра жаралганыңызды элестетип, жашооңуздун биринчи күнүн аруулукка арнаңыз. Мээңизде болуп жаткан жаман ойлордон арылыңыз, ттизмеңизден сизди жаман көргөн, ушак айткан, таштап кеткен адамдарды чийип салыңыз.

Ичиңиздеги жаман ойлордун түрмөсүнөн чыгыңыз: ажыраштым, күйөөм таштап кетти, мени эч ким сүйбөйт, эми эмне кылам ж.б. Бир сөз менен айтканда өзүңүзгө берген бааңыз өтө төмөн болсо, ички абалыңыз стресске түшүп, бошоно албай жүрө берет.

Депрессиядан каалаган күнү арыла аласыз. Каалабасаңыз өзүңүз курган түрмөдө жашап жүрө бересиз. Жыйынтыгында, бир келген өмүрүңүз текке кетет. Өзгөрүүдөн баштаңыз. Өзүңүздөн башка эч ким сизди өзгөртө албайт.

Бактылуу болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт