Жыныс мүчөм кычышканынан антисептик сээп койгом. Бул зыян эмеспи?
Саламатсызбы! 21 жаштамын, жыныстык жашоо менен жашабайм. Акыркы айлары интимдик зонамдан дискомфорт сезип жатам (цистит, кытышуу, ачышуу). Ар дайым өздүк гигиенаны сактайм. Бир жума мурун кытышканда антисептик менен тазалагам. Кайра ачышып ыйлаакча пайда болуп кетти. Мазь колдонсом кургап кетип жатат. Эмне кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Жаш кыздарда, ал тургай ичинекейлерде дагы тышкы жыныс органдарынын ар кандай оорулары болушу мүмкүн. Бул оорулар ар кандай жолдор менен байкалат. Баары теринин жана былжыр челдин сезгичтигине, микрофлорага, иммунитетке, ичегинин иштешине жана башка себептерге байланыштуу.
Өзүңүздө эмне бар экендигин түшүнүү үчүн гинекологго барып, текшерүүдөн өтүп, мазокторду тапшырып, андан кийин дарылануу жана сунуштарды алыңыз. Оорулар абдан көп, сизди текшерүү учурунда гана так кайсынысы экени билинет.
Өз алдынча мазь сүйкөп, же дары ичип, ар кайсы методдорду кылбаңыз. Бул ден соолук үчүн абдан кооптуу. Жакшысы, убакытты созбой бейтапканага барыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.