Турмушка чыкканыма төрт ай болсо дагы боюма бүтө элек. Мен эмне төрөбөймүнбү?
Мен 18демин. Төрт жарым ай мурун турмушка чыктым. Боюмда болбой жатат. Мен эмне төрөбөймүнбү? Мени менен тең же кийин күйөөгө тийген кыздардын боюнда бар. Алардан мурун чыксам деле кош бойлуу эмесмин. Этек кирим келген күнү аябай катуу белим менен табарсыгым ооруйт. Мага кеңеш бериңизчи.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Берип жаткан сурооңузга караганда, гинекологдо болгон эмессиз. Бүгүнкү күндө, кош бойлуулукту пландаштыруу үчүн аны каалоо жана активдүү аракеттенүү жетишсиз. Мисалы, бойго бүткөнгө чейин, бир нече ай мурун ар кандай тобокелдиктерди четтетүү үчүн толук текшерүүдөн өтүү керек. Эгер оорулар аныкталса, аны дарылоо зарыл. Ошондой эле, денедеги кээ бир заттардын жоктугу болочок эненин өзүнүн жана анын курсактагы баласынын ден-соолугуна таасир этпеши үчүн кош бойлуулуктан 2-3 ай мурун витамин-минералдык комплекс ичүү сунушталат.
Эгерде боюңузга бүтпөй жатканы тууралуу айта турган болсок, адатта кош бойлуулукту контрацепциясыз жыныстык жашоо менен жашагандан баштап бир жылга чейин күтөбүз. Бардык түгөйлөр үчүн, четтөөлөр болбосо дагы, бойго бүтүү индивидалдуу процесс болуп эсептелет.
Кош бойлуулуктун жок болушуна алып келүүчү себептер абдан көп. Алар аял тараптан дагы, эркек тараптан дагы болушу мүмкүн. Бул учурда эркек анализ үчүн спермасын тапшырат. Аял болсо, дарыгерге кайрылып себебин тактайт.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.