Биринчи күйөөмдөн кызыма кантип алимент өндүрсөм болот?
Саламатсызбы! Үч жашар кызым бар. Атасы менен ажырашканбыз. Учурда экинчи турмушумдагы күйөөм менен жашайм. Кызымды өзүм менен алып кеткем.
Атасынан алимент алаламбы? Анын үстүнөн биринчи күйөөмдүн туугандары келип тынчымды ала беришет.
Айсулуу Эсенканова
Юрист
Саламатсызбы! Биринчиден күйөөңүз кызыңыздын атасы экени анык болушу керек. Айталы, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында аты-жөнү жазылса, алимент өндүрүү боюнча сотко арыз менен кайрыласыз. Эгер жазылбаса, анда алгач аталыкты аныктоо боюнча доо арыз жазасыз. Соттон аталыкты аныктатуу үчүн ишенимдүү далилдер (сүрөт, видео, көрсөтмө) керек.
Алимент өндүрүү - атасынын бир кызматта иштегенинен же сот тарабынан нике күбөлүгү ажыратылгандыгынан көз каранды эмес. Алимент баланы камсыздоо үчүн алынат. Күйөөңүз бир айда тапкан кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн (бул бир бала үчүн) төлөп турууга милдеттүү.
Ишиңизге ийгилик!