Аллергик балам алты айдан бери диатеда. Кошумча кандай тамактарды берсем болот?
Саламатсызбы! Балам аллергия болуп, дарыгерге алып барсам "атопический дерматит" деп диагноз койду. Алты айдан бери диетада отурат. Дагы канча кармайт? Кошумча кандай тамактарды берсем болот?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! "Атопический дерматит" - бул теринин сезгенүү оорусу, баланын денесин кычыштырат, сыйрылып тынчын алат. Оору аллергиялык мүнөзгө ээ. Тамак-аштан баштап, экологиялык факторлорго чейин таасир берет.
Жаш курагына жараша бир канча топко бөлүнөт: жеңил, орточо жана оор. Тукум куушу ыктымал.
Теринин сезгенүүсүнө каршы диета - оорунун белгилерин жок кылууга жардам берет. Демек, диета кармабай толук дарылоого мүмкүн эмес. Адатта, диетанын узактыгы 6-8 ай. Кээде бир жылга созулуп кетет. Дарыгердин көзөмөлүнөн өткөн соң гана дагы канча кармоо керектигин айтууга болот. Анткени, абалы жакшырып бара жатабы же жокпу биүү зарыл.
Дарыгерге кайрылып, бир текшертип көрүңүз.
Ден соолук каалайм!