// //

Күйөөм балалуу болбой туралы деп жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратып жатат

2021.04.13, 15:11
2042

Саламатсызбы! Мага психологдон кеңеши керек болуп жатты эле. 25 жаштамын. Турмушка чыкканыма беш ай болду. Күйөөм үй-жай кылгыча 2-3 жыл балалуу болбой туралы деп, уругун ичиме түшүрбөй жатат. Мен балалуу болгум келет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2021, 15:16

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сурооңузда бир катар маселелер түшүнүксүз калган. Мисалы, күйөөңүз колуңузду сурап жатканда, эки-үч жыл балалуу болгусу келбегенин айтты беле? Кандай болгон күндө дагы силер бой жеткен адамсыңар, ачык отуруп сүйлөшүп, бир пикирге келсеңер болот.

Ал эми балалуу болгуңуз келип жатканың боюнча жооп бере кетсем. Тилекке каршы, үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш ишенимдүү каражат болуп бере албайт. Каалаган учурда бойго бүтүп калышы мүмкүн, бул бир гана убакыт маселеси. Тынчсызданбай эле коюңуз жана ыңгайлуу шарттарда боюңузга бүтөт. Эгерде кош бойлуулук 1,5-2 жылдын ичинде болбосо, анда гинекологго кайрылыңыз.

Сурооңузга толук жооп бериш үчүн бир канча жагдайларды тактоо зарыл. Психологго кайрылып кеңеш алып коюңуз.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт