Велосипедден жыгылгандан кийин этек кирим келди. Кыздыгым түшүп калдыбы?
Саламатсызбы! Менин этек кирим үч күн келип, анан токтоп калды. Андан бери беш ай өттү. Эмне кылсам болот? Эже, мен бир күнү велосипедден жыгылгам. Алдымы караган эмесмин. Эртең менен турсам этек кирим келиптир. Кыздыгым түшүп калган болобу? Ата-энеме айталбайтам. Баса, жыныс мүчөмдүн тили дагы чыгып калгансыйт.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Этек кириңиз 5 айга чейин кармалса, анда бул олуттуу гормоналдык бузулуулардын белгиси. Сөзсүз дарыгерге көрүнүңүз. 18 жашка толо элек болсоңуз, гинекологдун кабыл алуусуна апаңыз менен келишиңиз керек.
Кыздыгыңыздын бүтүндүгү жана башка өзгөрүүлөр жөнүндө гинекологиялык креслодо, текшерүү учурунда гана так айтууга болот. Бул процедура таптакыр оорутпайт, бир гана экспертиза жүргүзүлөт. Нормадан четтөөлөр болсо, дарылануу курсун жазып беребиз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.