// //

Сизге карата ала качуу даярдалып жатканын байкасаңыз, бул кеңештерди окуңуз

2021.04.12, 12:15
1287

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов  ала качуунун курмандыгы болуп калбоо боюнча пайдалуу кеңештерди айтып берди. Бул материалды окуп чыккандан кийин, жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз.

Адамды никеге туруу максатында уурдоо- бул кылмыш! 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат!

- Сизге карата ала качуу даярдалып жатканын байкасаңыз, дароо бул тууралуу жакындарыңызга айтыңыз, 102ге кабарлаңыз жана жалгыз жүрбөгөнгө аракет кылыңыз. Өзүңүздү коргонуучу каражаттар менен камсыздаңыз. Мисалы, "газовый (перцовый) баллончик для защиты и самообороны" алсаңыз болот. Бул баллондун эффективдүүлүгү 3 метр аралыкка чейин жетет. Көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу, мыйзам боюнча тыюу салынган эмес.

- Артыңыздан аңдып жатканын сезсеңиз, адамдар көп жерге барыңыз, мисалы, магазинге кирсеңиз болот. Жакын арада андай жер жок болсо, телефонуңузду чыгарып, сизди күтүп турган адамдын жанына келгениңизди имитация кылып сүйлөшсөнүз болот: мен сага жакындадым, мени көрүп жатасыңбы, ооба мен дагы сени көрдүм, ооба ошол кийимчен менмин, келе бер ж.б. Ошондо берки адамдар бирөө тосуп алат окшойт деп сестенип калышат.

- Ала качууга кабылсаңыз, мүмкүн болушунча адамдардын көңүлүн буруңуз. Мисалы, бакырып, уурдап бараткандарын айтып, элден жардам сураңыз. Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн каттуу үн менен бакыруудан уялбаңыз.

- Эч ким жардамга келбесе, ала качкан адамдардын жүзүн, автоунаанын маркасын, түсүн, номерин жаттап калууга аракет кылыңыз.

- Ала качуу учурунда кол телефонуңузду көрсөтпөңүз. Алар сизге чалууга мүмкүнчүлүк беришпейт жана алып коюшат. Телефондун кереги, кийинчерээк, сизди  жалгыз калтырганда тиет.

- Телефонуңузду колдонууга мүнкүнчүлүк болору менен, ватсап аркылуу жакындарыңызга турган ордуңузду жибериңиз (локация, местоположение). Жакындарыңызды алдын ала даярдап коюңуз: эгерде себепсиз өзүмдүн кайсыл жерде экенимди жиберсем, демек, мени менен жагымсыз иш болгон болот деп түшүнүп, дароо жардамга келгиле.

- Ала качкандарга алыңыз жетпесе, күчүңүздү сактап калуу үчүн көп каршылык көрсөтпөңүз. Бул кылмыш экендигин жана алар сөзсүз жоопкерчиликке тартылаарын айтыңыз.

Үйүнө алып барышканда, үй ээлерине мындай жол менен турмушка чыгууга каршы экениңизди жана кылмыш кылып жаткандарын эскертиңиз.

- Алып барган үйдүн дарегин билүүгө аракет кылыңыз, мүмкүнчүлүк болору менен жакындарыңызга жана милицияга (102) байланышка чыгып - кайсы жерден, саат канчаларда, кайсыл жакка, канча адам, кандай автоунаа менен алып качышкандыгын айтып бериңиз. 

- Жакындарыңыз келгенче нике кыйдырууга аракет кылышса, турмушка чыгууга каршы экениңизди билдириңиз. Аялдын ыраазычылыгын алмайын, молдонун нике кыюуга укугу жок.

Күч менен кыйылган нике жараксыз деп эсептелет.

Эгерде кыз макул эмесмин десе, анда молдо дароо эле салтанатты үзгүлтүккө учуратат. Белгилүү болгондой, кыз макулдугун өзү бериши керек, андан башка эч ким анын атынан жооп бере албайт. Ырымдарга ишенбеңиз!

- Ала качкан жерден чыгарыңыз менен милиция бөлүмүнө болгон окуя боюнча арыз жазыңыз. Арызыңызды дароо каттап алыңыз, катталгандыгы боюнча сизге маалымкат чыгарып беришет.

- Ден-соолугуңузга зыян келтирилген болсо, тергөөчүдөн соттук-медициналык экспертиза дайындоо боюнча токтом чыгарып берүүсүн сураңыз. Токтомду алып экспертизадан өтүңүз (экспертизанын корутундусун тергөөчү өзү алат, сиз болгону ал жакка барып өтүп коёсуз).

Туугандардын кысымына жана кеңешине карабастан, өз укугуңузду коргоңуз!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт