Апам себепсиз уруш чыгарып сиңдимди сабайт. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин апам эң жакшы адам. Бирок, жумуштан келгенде ар кандай шылтоо табып, уруш чыгарып, сиңдимди сабайт. Ал чоң кыз болуп калган. Эмнеге уруп жатканын сурасак, "тамак жасаган эмес, үй жыйналбаган",- дейт. Үйрөнүп жатканын айтып, сабырдуу болууга чакырсак таарынат. Биз кыжаалат болуп кетебиз. Төркүндөп барсам, мага да таарынат. Өзүмдү кармай албай урушам. Сүйлөшүүгө чакырсам болбойт. Эмне кылсам?
Таалай Жакыпов
Психолог
Саламатсызбы! Себепсиз урушуп жатса, демек, көңүлү чөгүп, депрессия абалында жүрөт. Ошондой эле, жан дүйнөсү тынч эмес, бир нерседен чочулап, кабатырланууда. Бул убакта энеге жан дүйнөнүн тынчтыгын берүүгө аракет кылуу керек. Мисалы, аны кубантып, жылуу-жумшак сөздөрдү сүйлөп, алаксытууга аракет жасап көргүлө.
Көп учурда, жумуштан же башка маселелерден улам стресс болуп, ичиндеги ачууну сыртка чыгара албай калат. Сүйлөшө турган эч кими жок болсо, ачуусун балдарга кол көтөрүү менен чыгарат. Ошентсе дагы, сиңдиңизге кол көтөрүүсү дагы туура эмес.
Апаңыз бир нерсе айтып жатканда, аягына чейин угуп, жакын курбусу болгонго аракет кылыңыз. Ал көмүскөдө топтолуп жаткан көйгөйлөрүн бөлүшкөндө жеңилдейт. Эгер айтып жаткан сөзүн бөлүп, "эмне болду", "эмне кылып жатасыз" деген учурда көңүлүнө оор тийиши мүмкүн. Сөзсүз психологго кайрылып кеңеш алгыла.