Сегиз жаштагы баламдын колтугу жыттанат. Эмне себептен болушу мүмкүн?
Саламатсызбы! Жаш балдардын дагы колтугу тердейби? Уулум сегизде. Тердегенде кийимдери жагымсыз жыттанып жатат? Бул жакында эле пайда болду. Атасы экөөбүздө мындай жок. Эмне себептен болушу мүмкүн?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Ашыкча салмак менен жабыркаган балдар көп тердейт. Себеби, майдын топтолушунан улам жагымсыз жыт бөлүнүп чыгат. Балким, балаңыздын салмагы өз курагына туура келбейт.
Баланын тердөө активдүүлүгүнө тамактануу адаттары дагы таасир берет. Туздуу, ачуу, куурулган, майлуу жана углеводго бай азыктарды жегенде тер бездеринин иши активдешип күчөйт.
Азыркы учурда синтетикалык кийимдер ден соолукка терс таасир тийгизип, жагымсыз жыттын бөлүнүп чыгышына шарт түзүүдө. Андыктан, бардык синтетикаларды пахта жана дем алуучу кездемелер менен алмаштырыңыз.
Ошондой эле, балдар бөлмөсүнүн климатын катуу көзөмөлдөп туруңуз. Ал салкын жана нымдуу болушу керек. Сөзсүз дарыгерге, мисалы, балдар эндокринологуна алып барып текшертиңиз.
Ден соолукта болгула!