УЗИге түшсөм бөйрөгүмдө киста бар экен. Ичимдеги балага зыяны тийбейби?
Саламатсызбы! Менин алты жумалык боюмда бар. Кечээ УЗИге барып түшсөм, бөйрөгүмдө киста бар болуп чыкты. Эми аны менен төрөй аламбы? Балама зыяны тийбейби?
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Киста белгилүү бир көйгөйлөрдү пайда кылып, зыян келтириши мүмкүн. Айталы, кан басымды көтөрүшү ыктымал. Бирок, сизди текшерип, анализдериңизди карап чыккандан кийин гана так бир нерсе айта алабыз. Эң биринчиден бөйрөктүн кайсы жеринде турат, ошону байкашыбыз керек. Жакшысы, каттоодо турган гинекологуңузга анан урологго барыңыз.
Ден соолукта болуңуз!