Тост сүйлөй албаганым үчүн конокко баргым келбейт. Бул адатымдан кантип арылам?
Саламатсызбы! Мага психологдун кеңеши керек болуп жатат. 26 жаштамын, эки баланын энесимин. Бирөө менен урушканда такалып, сүйлөй албай калам. Андан кийин минтип айтсам болмок экен деп кыжалат боло берем.
Конокко барганда жанымдагылар тос сүйлөп баштаса, мага келелекте эле жүрөгүм катуу согуп, калчылдап, башым айланып чыгат. Сүрдөп жатам десем, өз бир туугандарымдын арасында дагы ушундаймын. Тосттон качып конокко да баргым келбейт. Үйдөн даярданып барсам деле, кайра башталат. Башкалар сүйлөсө суктанам. Өзүмө келгенде баары мени карап тургандай болуп кызарам. Мындан арылуунун жолу барбы?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Бул өзүңүзгө болгон ишенимдин төмөн экенинин көрсөткүчү. Бирөө менен урушканда же тост сүйлөгөндө ойлор келет, туурабы? Мына ошолорду ачык айтканга үйрөнүңүз. Мисалы, “мен сенин өзүңө эмес, иш-аракеттериңе жиним келип жатат” дегендей. Тост айтарда дагы бизге жазгандай эле, сезимдериңизди ачыкка чыгарыңыз. Конокторго болгон ыраазычылыгыңызды, толкунданып жатканыңызды билдирсеңиз сөз өзүнөн-өзү уланып кетет.
Андан кийин, денеңиз менен иштеңиз. Бул учурда дем алуу техникалары жардам берет. 4 секундун ичинде дем алып, аны кайра 4 секунддун ичинде чыгарыңыз. Денеңиздин баарын 7 секунддун ичинде тырыштырып, кайра 30 секунддун ичинде бошотуңуз. Бул көнүгүүлөрдү күн сайын, бош отурган убакта 4-5 мүнөтүңүздү бөлүп жасап туруңуз. Ошондо, кадимкидей денеңиз бошой баштайт. Жыйынтыгын дароо күтпөңүз, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин гана өзүңүздөгү өзгөрүүлөрдү байкай баштайсыз.
Күзгүгө туруп алып же күйөөңүз менен балдарыңызга бир нерселерди айтып бере бериңиз. Алгач эки –үч адамдын алдында сүйлөңүз, бара –бара топтордун санын көбөйтүңүз. Оюңузга жаман ойлор келип, өзүңүздү критикалай баштаганда “стоп” деп токтоткон эрежени колдонуңуз. Психологго кайрылып кеңеш алып коюңуз.
Ийгилик!