// //

Кыздуу болорун уккан ата УЗИ аппаратын сындырып кое жаздаган

2021.04.06, 16:52
15059

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Салам Bilesinbi.kg! Өткөн жумада силердин сайттан төрөтканадагы беш түрлүү ата жөнүндө окугам. Өзүм райондогу төрөтканалардын биринде УЗИст болуп иштейм. Күн сайын болбоду дегенде он айымды тартам. Айрымдары өзү келсе, көпчүлүгү жолдошторун ээрчитип алат. Ар бирөө баласынын жынысын билгенде ар кандай реакция кылышат. Мен ошолор тууралуу айтып берүүнү чечтим.

Биринчи жуп кирип келди. Кыязы жаңы үйлөнүшкөн. Келиндин башындагы ак жоолук анын белгиси. Күйөөсү колун кармап, улам мени карап “ким экен” деп сурап коет. Адатта, жаш жубайлар тун баласынын жынысын жазып конвертке салып берүүмдү өтүнүшөт. Кыязы, кызыл же көк шар кылып сүрөткө тартып, инстаграмга киргизиш үчүн го. Бирок бул экөө айта беришимди суранды. “Куттуктайм! Уул экен.” Экөө кучакташып, өбүшүп, дароо ата-энесине чалып киришти. Жылмайып узаттым.

Экинчи жуп кирип келди. Күйөөсү кезекте туруп жумушуна кечиккенин айтып наалып жатты. Аялы экөө мени көзгө илбей уруша башташты. “Куттуктайм! Кыздуу болосуңар.” Сүйүнүшкөн деле жок. Күйөөсү “болдубу, мен кете берейин” десе, аялы “болду, болду” деп сүйлөнүп чыгып кетишти. Кош бойлуу энеге ачууланган болбойт десем уккан дагы жок. Эми өздөрү билет да. 

Үчүнчү жуп кирип келди. Экөө тең ойлуу. Гинеколог жазып берген баракты сунушту. Окудум. Унчукпай карай баштадым. Түйүлдүктүн жүрөгү сокпой калыптыр. Иштегениме он жылдан ашса дагы, бул нерсени үмүттүү көз менен карап турган ата-энеге айтууну үйрөнбөдүм. Гинекологду чалып чакырдым. Көрсөттүм. Ал айтты. Аял, ага кошулуп күйөөсү ыйлап жатты. Гинеколог экөөнү ээрчитип чыгып кетти. Мен терезеге барып, таза абадан терең дем алып, кайра жумушумду уланттым.

Төртүнчү жуп. Орто курактуу жубайлар экен. Күйөөсү толкунданып, бутун титиретип отурду. Аялы дагы улам экранды карап коет. “Куттуктайм! Кыздуу болосуңар.” Күйөөсү ордунан тура калып бийлей баштады. Тең салмактуулукту сактай албай аппараттын үстүнө кулап кетейин деди. “Ай сынат”,- деп кармап калдым.  “Ураа!” Жубайы экөө кучакташып алып бакырып киришти. Төрт уулдан кийин кыз күтүп жатышкан экен. Сүйүндүм.

Бул эсимде калган окуялардын айрымдары гана, мындан дагы көп. Аларды айта берсем убакыт жетпейт. Бир билгеним, мага жумушум жагат. Күн сайын бир кабинетте отуруп алып жашоонун кандай экенин көрүп турам.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт