// //

Үч жаштагы кызым тамак жеп жатып жүдөй берет. Кантип тарбияласам болот?

2021.04.06, 15:00
1322

Саламатсызбы! Мага балдар психологунун жардамы керек. Үч жаштагы кызымды өз алдынча болгонго үйрөтө албай келем. Мисалы, тамак ичип жатса төгүп салат же идишин жерге түшүрөт. Кыскасы, жүдөй берет. Мен аны уруша берип өзүнө болгон ишенимин жоготуп алам деп корком. Кантип тарбияласам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2021, 15:41

Инна Поляк

Балдар психологу

Кутмандуу күнүңүз менен! Келиңиз, башынан баштайлы. Жагдайыңызга караганда, сизде эмоционалдык чарчоо бар. Бул бир нече учурларда болот.

Биринчи маанилүү жагдай. Эмне үчүн энелер кыжырданат дегенде, жашоосунда бир нерсеге чыдап, ачууланып, кыжырданып жүрүшү мүмкүн, бирок аны ачык айтпайт. Бул терс сезимдер эч жакка кетпейт. Ичиңизде отуруп, сизди ууландырат. Эмне кылуу керек?

Алгач, азыркы тапта эмне үчүн кыжырданып жатканыңызды кагазга жазыңыз. Сизди ким ачуулантат? Үй-бүлөңүздүн жана досторуңуздун жүрүм-туруму кандай? Аны кантип оңдой алаарыңыз жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Ачууңузду келтирбеши үчүн эмне кылса болоору тууралуу дагы ой жүгүртүңүз.

Экинчи пункт - кыжырданган эне, биринчи кезекте, чарчаган эне. Акыркы жолу качан эс алдыңыз? Курбуларыңыз менен жолугасызбы? Сулуулук салонуна же СПАга бардыңыз беле? Көп болдубу? Дароо ал жакка чуркаңыз. Бул сиздин дарыланууңуз. Балдарыңыздан эс алып туруу туруктуу болушу керек.

Эс алган эне - бактылуу эне - бактылуу балдар.

Үчүнчү пункт - бул балалыгыңыз. Ата-энеңиз сизге кандай мамиле кылганын ойлонуңуз. Кыязы, учурда алардын жүрүм-турум сценарийин кайталап жатсаңыз керек. Ата-энеңиз колдоонун ордуна урушканда, сизге кандай гана зыян келтиргендери жана капаланткандары эсиңиздеби? Бирок сизде бир мүмкүнчүлүк бар. Эми бул сценарийди өзгөртүүгө күчүңүз жетет.

3 жаштагы балдар жашоону жана бардык көндүмдөрдү жаңыдан гана үйрөнө башташат. Сөзсүз түрдө катачылыктар кетиши мүмкүн. Бул учурдагы милдетиңиз кыйкыруу же урушуу эмес, демди терең чыгарып төмөнкү сөздөрдү айтуу: “эч нерсе эмес", "бардыгында  эле болот", "кайра аракет кылып көр". Өзүңүздү эстеңизчи. Сиз дагы дароо эле бой жеткен жоксуз да, туурабы? 

Эң негизгиси, туура эмес кылып, балаңызды урушкан болсоңуз - мындай жүрүм-турумуңуз үчүн андан кечирим сураңыз. Ушундай жол менен гана кетирген каталарыңызды моюнга алганды үйрөнөсүз жана балаңызга дагы кечирим сурап, элдешкенди үйрөтөсүз. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт