Балдарыбыздын көзүнчө кучакташканыбызды көргөн аяшыбыздын сөзү таң калтырды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Оюңарга эмне келгенин билип турам. Бирок, бул жерде кеп сүйүү жөнүндө болуп жатат. Мен аялымды сүйөм, ал дагы мени сүйөрүн айтат. Экөөбүздүн махабат дарагыбыздан беш мөмөбүз бар. Бешөө тең удаа төрөлгөн, аралыктары эки-үч жыл. Ушундай ширин мөмөлөр дейсиңер, жытына тойбой жеп койгубуз келет.
Балдарыбыз атасы менен апасы бири-бирин жакшы көрөрүн билет. Анткени, жаңы үйлөнгөн кезде кандай болсок, азыр деле эч өзгөргөн жокпуз. Себепсиз кучакташкан адатыбыз бар. Атайлап деле жасабайбыз, болгону биз ушуга көнүп калганбыз.
Тамак ичип бүткөндөн кийин, “курсагыбызды тойгузганыңа рахмат, даамдуу болуптур”,-деп, столдон туруп баратып бетинен өбөм. Балдарым дагы рахмат айтат. “Сен эс ал, мен идиш жууйм”,-дейм. Баягы күнү уулу балам “бүгүн мен жууйун”,-деди.
Музыка коюп алып вальс бийлейбиз. Кино көрсөк чогуу кучакташып отурабыз. Ар дайым күлүп сүйлөшөбүз. Азыр экөөбүз бирибизди пранк кылып, боорубуз эзилип жатат. “Мен сени сүйөм!”. Күн сайын жок дегенде миң жолу айтсак керек.
Бир жолу үйүбүзгө аяштарыбыз келди. Ары-бери тамак кылып жүрүп аялымды бетинен өөп кучактап коюп жаттым, аялым дагы жөн отурган мага келип бетимден өбөт. Бир аяшыбыз таң калтырды.
- Кичинекей балдарыңардын көзүнө бири-бириңерди өпкөндөн, кучактагандан уялбайсыңарбы?
- Эмнеге уялышыбыз керек?
- Эми уят го, атасы менен апасы кучакташып, сүйүүгө балкып жүрсө.
- Андай эмес, аяш. Тескерисинче балдарыңардын көзүнчө кучакташып, өбүшкүлө. Атасы менен апасы бири-бирин жакшы көрөрүн билишсин. Бул нерсе алардын өзүнө болгон баасын жогорулатат, өнүгүүсү үчүн эң маанилүү. Сүйүүгө курчалып өскөн бала башкача болот, аяш.
- Мунун баарын кайдан билесиң?
- Менин атам менен апам ошондой. Азыр дагы экөө ар дайым жетелешип жүрөт.
- Ммм...
Түшүндүбү же жокпу билбейм. А мен үчүн сүйүктүү аялым менен балдарым маанилүү. Башкалардын сөзү экинчи планда.
Күн сайын урушкан, жаңжалдашкан, жаман сөздөрдү айткан ата-энесин көрүп чоңойгон балдарга боорум ооруйт. Ата-эне бул адаты менен баланын дүйнөсүн талкалап жатканын билсе кана.
Ооба, жашоодо сүйүү кеткен учурлар болот. Мындайда бири-бирин кармабай, чоң адамдай болуп эки ажырым жолго түшүү керек. Ата-эне өзүн ойлобосо дагы баласын ойлош керек. Наристелерде күнөө жок. Алар сүйүүгө, мээримге татыктуу. Мунун баарын биринчи кезекте ата-эне берет.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду
Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты
"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет