Спиралым бар, бирок боюма бүтүп калыптыр. Ушундай болушу мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Спираль салдыргам. Эки айдан бери этек кирим келбей калды. Текшерилсем боюмда бар экен. Ушундай болушу мүмкүнбү?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Жатындын ичине салынуучу спираль бойго бүтүп калуудан 100% сактайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Башкача айтканда, туура эмес орнотулса же ордунан жылып калса бойго бүтүп калышы мүмкүн. Этек кир кечигип жатса (спираль болгон күндө да) тест алып текшерип көрүңүз. Андан тышкары УЗИге түшүп, кандын ХГЧ анализин тапшыргыла.
Эгер боюңарга бүтүп калганы тастыкталса, төрөйм деп чечсеңиз, спираль алынбайт. Себеби кан кетүү (кровотечение), анын натыйжасында бойдон түшүп калуу коркунучу жогору.
Спиралы менен бойго бүтүп калганда, кош бойлуулук кадимкидей эле өтө берет, болгону бойдон түшүү коркунучу 2-3 эсе жогорулайт.
Ден соолукта болуңуз!
Акушер-гинеколог Раушан Джумагулова менен инстаграмдагы @erkai_clinic_ баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.