// //

Мурдум чоң, кашым аз, бетимде сепкилдер бар деп уялам. Эмне кылсам болот?

2021.04.02, 13:20
1310

Саламатсызбы! Мен 20 жаштамын. Учурда студентмин. Акыркы күндөрү бет түзүлүшүм өзүмө жакпай баратат. Ар бир дене мүчөмдө сөзсүз кемчилик бар.

Мисалы, боюм узун болгону менен, буттарым кыйшыгыраак, бетимдин түзүлүшү чоң, сепкилдер бар, мурдум чоң. Кашым аябай аз болгондуктан 9-класстан бери боёп жүрүүнү адатка айлантып алгам. Жадкалса, боексуз үй-бүлөмө көрүнгөн уялам. Жуунганы киргенде каш боёк жана күзгүмдү кошо алам.

Акыркы күндөрү көзүмдүн астында майда бырыштар пайда болуп, өзүмдү кары сезип баратам. Өзүмдөгү кемчиликтерден улам адамдар менен эркин сүйлөшө албайм. Көчөдө баары мени карап тургандай сезилет. Үйдөн чыккым келбей калды.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2021, 13:29

Дильнура Ташыбекова 

Психолог

Саламатсызбы! Коомдо өзүн-өзү кабыл албоо, жактырбоо же төмөн баалоо боло берет. Эгерде адам өзүн аңдып, жаман жагын издей берсе, ал нерсе көбөйүп күчөйт. Канчалык жакшы тараптарын издеп, аларды сүйүп, жакшы ойлорду  ойлоп, бара-бара аны иш жүзүнө ашырууга болот. Адам баласында жалаң гана жаман эле эмес, сөзсүз түрдө жакшы тараптары да болот. Болгону алар көмүскөдө калып, терс жактарына гана көңүл буруп, энергия менен фокус ошол жакка кетип калат.

Өзүн-өзү критикалоо өзүн талкалоочу курал. Ошон үчүн биринчи кезекте өзүңүздү сүйгөндү жана оюңузду оңдошуңуз керек. Бирок, бул дароо болбойт. Беш-он күн өзүңүздү сүйүп, анан жыйынтык чыпайт экен деп таштап салбаш керек. Спортчулар жылдап машыгып, чемпион болуп ийгиликке жетишкендей, өзүңүздү жактыруу менен оюңузду ай-жылдап машыктыруу зарыл.

Көп нааразы болбой, колуңуздагы бар нерсенин баркын билиңиз. Кесипкөй адиске кайрылып кеңеш алып коюңуз. 

Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт