Күйөөм экөөбүз салган үйдү биринчи никедеги уулуна өткөрүп коюптур. Эмне кылам?
Мен күйөөм менен жашаганыма жети жыл болду. Бул экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Аныны үч, менин бир кызым бар. Кийин дагы эки кыздуу болдук. Мени менен турмуш курганда эки бөлмөлүү батири, анан жери бар эле. Ошол участокко эки кабаттуу үй салдык. Ал үйдү улуу баласына өткөрүп коюптур. Мен билген эмесмин. Мен үч кызым менен кайра эки бөлмөлүү батирге көчтүм. Чуркап жүрүп мурунку никедеги балдарын үйлөнтүп-жайлантышкам. Эми батирден дагы чыгарып саларын айтат. Ортодо ЗАГС бар. Мен ага ишенбей калдым. Ажырашуу арызын жазсам, кыздарыма үй берилеби? Же көчөдө калабызбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер сизди туура түшүнгөн болсом, силер баш кошконго чейин эле, ал адамдын өзүнүн мүлкү болгон (айталы, батири, жери). Жубайлардын никеге чейинки же мурас катары алган мүлкү өздөрүнө гана таандык болуп эсептелет. Ал эми, жолдошуңуз менен чогуу курган үйдү жубайлардын ортосундагы жалпы мүлк деп эсептөөгө негиз бар. Бул үчүн сотко кайрылып жалпы мүлк деп таптырып, бөлүп алсаңыз болот.
Ата-эненин балдардын алдындагы укуктары бирдей, демек, балдардын жакшы шарттарда өсүп-өнүгүүсүнө экөө тең кам көрүүсү милдеттүү.
Үй-бүлө Кодексинин 40-беренесинин 2-пунктуна ылайык, ортордогу жалпы мүлктү бөлүштүрүү иши соттук тартипте каралып жатса, сот балдардын сиз менен жашап жатканын эске алып, мүлктү адаттагыдай тең эмес, көбүрөөк бөлүгүн сиз менен кыздарыңызга өткөрүп бериши мүмкүн.