Этек кирим бир айда эки жолу келди. Бул коркунучтуу эмеспи?
Саламатсызбы! Менин жашым 17де. Этек кирим 14 мартта келип, 18-19дарында токтогон. Кайра 30-марта башталып калган экен. Ошондо кандай болуп калды? Келген сайын аябай оорутат.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эгерде менструалдык циклда мындай бузуу болуп жатса, анда адиске кайрылууңуз керек. УЗИден өтүп, анализ тапшырыңыз. Бул ар кандай себептерден улам болушу мүмкүн: энелик бездин кисталары, гиперплазия же эндометрия полиптери ж.б. Ошондой эле стресске кабылганда дагы бузулушу ыктымал. Ар бир учур өзүнчө бааланып, анан дарылоо курсу жазылып берилет.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.