Жети жаштагы кызым айтканымды укпайт. Кантип тил табышсам болот?
Саламатсызбы! Жети жаштагы кызым экөөбүз тил табыша албай жатабыз. Айтканымды кылбайт, сүйлөсөм укпайт же каршы чыгат. Бир жашында Москвага кетип, төрткө чыкканда келдим. Ошол себептен болушу мүмкүнбү?
Дильнура Ташыбекова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен! Бир жашында Москвага кетип, төрт жашында келсеңиз, кызыңыз мээримге тойбой калган. Үйдөн чоң ата, чоң энеси эркелетип, көңүл буруп тургандыр, бирок, жеткинчек балдар үчүн эненин сүйүүсү жана орду башка болот.
Негизи өспүрүм убагында балдардын жан дүйнөсү мээримден өксүп калса, ал жабылып, түнт болуп калат. Эненин сүйүүсү жетишсиз экендигин айта албай эмоция аркылуу чыгарышат.
Сөздү укпаган жеткинчектер, ата-эне кандай тон менен айткандан көз каранды. Өсүп келе жаткандар буйрук менен айтылгандыгы уккусу келбейт же кабыл албайт.
Бала деген жаңы аппак барак сыяктуу. Ага эмне жазылса, кайра ошону окуйсуң. Демек, эне кагазга кагып-силкип, урушуп терс мүнөздөрүн жазып койгон болушу мүмкүн.
Үч жана жети жашында, баланын ички жан дүйнөсүндө байкалбаган өзгөрүүлөр болот. Ал бурулушту бир гана эне көтөрүп, жардам бере алат. Бул убакта балдарды бирөөнүн кароосуна таштап кеткенде, бала кимге ыктап, кимге жан тартарын билбей, терс кыял жооруктары пайда боло берет. Ичиндеги таарынычын айта албай, кылык -жоругу аркылуу көрсөтөт. Андай убакта энеден мээрим, көңүл, сүйүү керек болот.
Сизге кеңешим кызыңыз менен ачык сүйлөшүңүз. Эч эле болбой жатса, кесипкөй психологго кайрылып кеңеш алгыла.