// //

Кара кагазды дагы бир жолу кантип алса болот?

2021.04.01, 11:20
3488

Саламатсызбы! Кара кагазды кайрадан кантип алса болот? Же бир эле жолу берилеби? Документке керек болуп таппай жатабыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2021, 11:21

Венера Карабаева 

Юрист

Саламатсызбы! Кара кагазды кайрадан алуу үчүн, адамдын эмне себептен көз жумгандыгын аныктоо зарыл. Жол кырсыгына кабылды, сууга чөгүп же тоодон кулады дегендей. Мисалы, кырсыктан улам каза болсо, денеси моргго жеткирилет, ал  жерден кошумча кагаз берилет. Ошонун негизинде кара кагаз жазып берилет. Демек, сиз каерден, кайсы райондон, качан болгонун такташыңыз керек. Зарыл болгон бардык документтерди топтоп, факт жүзүндө жашаган аймагыңыздагы Ички иштер министрлигине кайрылсаңыз болот.

1
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.11.2022, 00:15

Саламатсызбы,мен Атамдын кара кагазын жоготуп алдым кайра алууга болобу кандай жолуга болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт