Кара кагазды дагы бир жолу кантип алса болот?
2021.04.01, 11:20
4869
Саламатсызбы! Кара кагазды кайрадан кантип алса болот? Же бир эле жолу берилеби? Документке керек болуп таппай жатабыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2021, 11:21
Венера Карабаева
Юрист
Саламатсызбы! Кара кагазды кайрадан алуу үчүн, адамдын эмне себептен көз жумгандыгын аныктоо зарыл. Жол кырсыгына кабылды, сууга чөгүп же тоодон кулады дегендей. Мисалы, кырсыктан улам каза болсо, денеси моргго жеткирилет, ал жерден кошумча кагаз берилет. Ошонун негизинде кара кагаз жазып берилет. Демек, сиз каерден, кайсы райондон, качан болгонун такташыңыз керек. Зарыл болгон бардык документтерди топтоп, факт жүзүндө жашаган аймагыңыздагы Ички иштер министрлигине кайрылсаңыз болот.
1
Пайдалуу жооп