Балдарына каралашпаган күйөөмдү аталык укуктан ажыратсам болобу?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз төрт жылдан бери ЗАГС жок жашайбыз. Балдар атасынын фамилиясына катталган. Өзү эч жерде иштебейт, балдарына каралашпайт. Мен үйдөн тырмак жасап акча табам. Ажырашайын деп чечтим. Үйүбүз экиге бөлүнөбү? Балдарымды тартып аларын айтып жатат. Фамилияларын өзүмө каттатып алсам болобу? Аталык укуктан кандай учурда ажыратылат?
Венера Карабаева
Юрист
Кутмандуу күнүңүз менен! Тилекке каршы, үй экиге бөлүнбөйт, кимдин атында болсо ошол адамда калат. Эгер ортоңордо нике күбөлүгү бар болсо, сотко кайрылып бөлүп алат элеңиз.
Балдардын күбөлүгүндө атасынын фамилиясы жазылса, анда күйөөңүздүн балдарга карата аталык укугу бар. Мисалы, жолдошуңуз балдардын жашоо ордун аныктап берүү боюнча сотко арыз жазып, сот күйөөңүз тарапка чечим чыгарса, балдарыңар атасы менен жашап калат.
Он жаштан жогору болгон балдардын фамилиясын өзгөртүү үчүн, баланын өзүнөн уруксат алуу керек. Же атасы уруксат берери тууралуу арыз жазса, энеси өз аты-жөнүнө каттай алат. Атасы макулдугун бербесе, аталык укуктан ажыратылганда гана өзүңүздүн фамилиясңызга жаздырып алсаңыз болот.
Күйөөңүз аталык милдетин аткаруудан качса, иштебесе, спирт ичимдиктерин же баңгизатын колдонсо аталык укуктан ажыратса болот. Бул учурда сотко аталык укугунан ажыратуу тууралуу доо арызыңыз менен кайрыласыз.