// //

ЗАГС, паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүккө байланыштуу 10 суроого жооп

2021.03.30, 12:56
3657

Окурмандардын ЗАГС, паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүккө байланыштуу 10 негизги көйгөйлүү суроолоруна адистердин кеңешин сунуштайбыз. 

Эч жерде каттоом жок. Кантип паспорт алсам болот?

Туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.

Каттоонун жыйынтыгында туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырыш үчүн маалымкат берилет.

Каттоом айылда. Шаардан паспорт алаламбы?

2015-жылдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзгөн. Бул реестрди тутумдардын комплекси деп айтсак болот. Ал жерде жарандардын катталган жери боюнча маалыматтары дарек маалымат бюросунда топтолот. Эгер ушул бюродо жарандын маалыматы болсо, каалаган жериндеги калкты тейлөө борборлоруна кайрылып документ алалат.

Биринчи никемди бузбай туруп, экинчисине турсам болобу?

Жок, болбойт. Биринчи никени расмий түрдө бузулгандан кийин гана экинчи нике катталат.

Россияда жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанда катталган никесин кантип бузса болобу?

Эгер никелери Кыргызстанда катталып, бирок экөө тең Россияда жүргөн болсо, Кыргызстандагы өкүлдөрүнө же адовактына нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттарын жөнөтүшү керек. Ошол ишеним каттын негизинде өкүлдөрү сотко катыша алат. 

Кызымдын күбөлүгүн жалгыз бой эне деп алгам. Эми кызымды атасынын уруксаты жок чет өлкөгө алып чыга аламбы?

Кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында эч кимдин аты жазылбаса, тоскоолдук жок. 

Каттообыз айылда. Шаардан нике күбөлүгүн алалабызбы?

2020-жылы чыккан мыйзамга ылайык, каттоосу кайда болбосун, факт жүзүндө жашаган жери боюнча никесин катттай алат. Тактап айтканда, эгер каттооңор айылда болсо, бирок шаарда же башка район, облустарда жашасаңар, паспортуңар менен ошол жактагы  ЗАГС бөлүмдөрүнө кайрылып никеңерди каттай аласыңар.

Бала үйдө төрөлсө төрөт үйүнөн маалымкатты кантип алса болот?

Төрөт үйүнөн тактама жок туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт. Эгер бала үйдө төрөлүп калса, баланын ата-энеси социалдык башкармалыктарга кайрылат. Ал жактын кызматкерлери баланын туулгандыгын тактоо үчүн сотко кайрылышат. Сот чечим чыгарып берип, чечим күчүнө киргенден кийин ата-эне ЗАГС бөлүмүнө келип, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышат.

Башка өлкөдө төрөлгөн балдар кайра Кыргызстандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алса болобу?

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк балага бир эле жолу берилет. Мисалы, Россиянын документин алып, кайра Кыргызстанга келип башка алганга болбойт. Чет өлкөдөн алган күбөлүк менен деле кадимкидей жүрө берсе болот, анын деле юридикалык күчү бар. Ошол эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бейтапканаларга барып, эмдөөлөрдү, кийин паспорт алалат.

Балага атасынын макулдугу жок атасынын фамилиясын жаздырып койсо болобу?

Мыйзам боюнча баланын атасынын уруксаты жок, атасынын аты-жөнүн жаздырганга болбойт. Мисалы, баланын ата-энеси расмий никеде турбайт, энеси жалгыз бой дейли. Баланын апасы атасынын аты-жөнүн жаздыргысы келет. Бирок, баланын атасы өзү келип, баласы экенин таанып, фамилиясын берүүгө макул экендиги боюнча арыз жазышы керек. Болбосо, атасынын макулдугу жок, жазып бере албайбыз.

ЗАГС алгандан кийин паспорттогу никеси бар деген жерди алмаштыруу керекпи?

2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортто электрондук чип бар. Ошол паспорттордун ээлери никеге турганда, кайрадан паспорт алуу зарылдыгы жокко чыгарылган. Болгону алар никеге турганда чиптеги маалыматтарды өзгөртүп коебуз. Эгер паспорттору эски үлгүдө болсо, анда алмаштырып алуулары керек.   

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт