Көчөдөн таап алган кызды асырап алсак болобу?
Саламатсызбы! Катыма жооп алып бере аласызбы? 17 жаштагы кызым эртең менен саат 6:30дарда жумушка бара жатып, жол жээгинде кутучага салынган баланы көрөт. Наристе кыз экен. Тоңуп калгандыктан араң гана жаны болгон. Шок болгон кызым баланы үйгө алып келе берген. Үйдөн шейшепке ороп, жылуулаган. Бул учурда мен жумушта болчумун. Мага келип болгон окуяны айтып берди. Үйгө барып тез жардам, милиция чакырдык. Алар баланы алып кетишти. Азыркы учурда наристе балдар үйүндө экен. Абалы турукташыптыр. Эми ошол кызды асырап алсак болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Ал кызды асырап алсаңыз болот. Наристе жайгашкан мекемеге же ошол аймактагы балдарды коргоо боюнча мекемеге барып асырап алуу боюнча арыз жазасыз. Адистер кандай кадамдарды кылуу керектигин жана эмне документтер зарыл болорун айтып берет.
Гүлзина Бообекова
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси
Бала багып алууну кааласаңыз жашаган жериңиз боюнча социалдык коргоо кызматына кайрылсаңыз, адистер шарттарын кененирээк түшүндүрүп берет.
Бала багып алуу үчүн акча төлөнбөйт, акыркы чечимди сот чыгарат. Төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Асырап алууга мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу арыз
- Арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү
- Нике жөнүндө күбөлүк (жубайлар үчүн)
- Жашаган жеринен жана үй-бүлөлүк курамы тууралуу маалымкат
- Арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экенин тастыктаган жергиликтүү башкармалыктын маалымкаты)
- Турак-жайы тууралуу менчик укугун ырастаган документ
- Соттолбогондугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты
- Арыз ээсинин ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду
- Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө
- Баардык документтер берилген күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу деп саналат.
Кошумча документтер талап кылынып калышы мүмкүн. Кененирээк маалымат КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында.