Мен 16 жаштамын, этек кирим келгенде ичим аябай ооруйт. Эмнеге?
Саламатсызбы! Мен айылда турам, жашым 16да. Этек кирим келгенде ичим абдан ооруп, кыйналып жатам. Эмне кылышым керек? Ооруну басаңдатуучу таблетканы ичсем болобу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Этек кирдин оорутуп келүүсү нормалдуу көрүнүш эмес. Көбүнчө анын себеби - жатындын булчуң талчаларынын жана моюнчасынын бирдей эмес жыйрылышы болуп саналат. Бул өз кезегинде ткандардын шишип кетишине жана жатындын айлануусу менен иннервациясынын начарлашына алып келет.
Мындай учурда, биринчи гинекологго кайрылып, анан ал жазып берген спазмолитиктерди (мисалы, но-шпа) же стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дары-дармектерди ичүү жардам берет. Бирок бул ыкма өспүрүм курагында биринчи башталганда эле оорутуп келген айызга мүнөздүү.
Эгерде айыз убакыттын өтүшү менен оорутуу менен коштолуп келе баштаса, анда анын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Ал себепти аныктап, жок кылуу үчүн толук текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Эч кандай учурда этек кирдин оорутуп келишине чыдап жүрө бербеңиз, анткени бул андан да олуттуу ооруларга алып келиши мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.