Балалуу боло элек кыздар бойго бүтүүдөн сактоочу дары ичсе зыян эмеспи?
Мен 21 жаштамын. Жигитим менен жыныстык катнашта болгондон кийин бойго бүтүүдөн сактоочу дары ичем. Кийин балалуу болууга зыяны тийбейби? Мен аны өзүм эле сатып алып иче берем.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Сизди туура түшүнгөн болсом, боюңузга бүтүп калбашы үчүн экстрендик контрацептивдерди ичесиз. Эгер ошондой болсо, анда аларды регулярдуу колдонуу өтө коркунучтуу. Анткени дарынын курамына кирген гормондун жогорку дозасы этек кир циклин бузуп коюшу мүмкүн, кийин аны калыбына келтирүү кыйын болот.
Жакшысы, бул дары-дармектерди таптакыр ичпей эле коюу керек, же өзгөчө кырдаалдарда (презерватив айрылып кеткенде) же корголбогон байланыштардан кийин, ошондо дагы жылына 1 жолудан көп ичпөө зарыл.
Өнөктөшүңүз туруктуу болсо (сиз ал үчүн дагы) жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан коргонуунун зарылдыгы жок болсо, анда гинекологго кайрылганыңыз оң. Ал сизге пландаштырылган оралдык контрацепцияны (үзгүлтүксүз колдонуу үчүн таблеткалар) тандап берет. Ал таблеткалар пландаштырылбаган кош бойлуулуктан сактайт жана башка оң жактары дагы бар, мисалы, айыздын оорутуп келишин басат, айыздын узактыгын кыскартат жана кан жоготуудан жана циклдин үзгүлтүксүздүгүнөн, ошондой эле көптөгөн гормонго көз каранды оорулардан сактайт, ал тургай кээ бир органдардын онкологиясын алдын алат. Бул жерде гинекологдун негизги милдети - дары-дармектерди жазып берүүдөн мурун сизге каршы көрсөтмөлөрү жокпу баарын текшерет, мындайча айтканда индивидуалдуу тандап берет.
Эгерде экстрендик контрацептивдерди колдонгондон кийин боюңузга бүтүп калса, анда ал дары-дармектер кош бойлуулук үчүн кооптуу эмес, кааласаңыз, кош бойлуулукту сактап калсаңыз болот.
Бирок, бир жагынан алдын-ала текшерүү жана кош бойлуулукка даярдык болбосо, кош бойлуулук учурунда башка кыйынчылыктар болушу мүмкүн, мисалы, инфекциялар, гормоналдык аномалиялардын коркунучу жана ал тургай, түйүлдүктүн туура эмес өнүгүшү.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.