Депутаттыкка талапкерлигимди коеюн десем, жумуштан бошотпой жатышат
Саламатсызбы! Биздин сурообузга тиешелүү тараптардан жооп алып берүүңүздү өтүнөт элем. 2021- жылдын 22-Март айынан баштап жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үгүттөө иштери башталат. Жогоруда аталган жылдын 11- апрелинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өтмөкчү.
Мен өзүм мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн колдонмонун 84-пунктунда мындай жазылган: Талапкер арыз менен кайрылгандан учурдан баштап үч календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.
Кече күнү кайрылсам уруксат беришпей койду. Жетекчилик "кызматта иштеген талапкерлер гана кызматынан бошотулат",-дейт. Кызматымдан бошотпой жатышат. Эмне кылсам болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы!"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:
1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;
2) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;
3) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
4) муниципалдык кызматчы;
5) 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери;
6) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери.
Ошентип, талапкерлердин жогорудагы категориялары гана өз ишин токтото алышат.
Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.