// //

Аялымдын даамдуу тамагын жеш үчүн идиш жууганга даярмын

2021.03.28, 14:35
6371

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менин аялым идиш жууганды жаман көрөт. Ооба, туура эле окудуңар, жаман көрөт. Баш кошконубузга алты жыл болуп калды. Бул аралыкта бир дагы жолу идиш жууган жок.

Мен үйлөнгөнгө чейин эле анын бул адатынан кабарым бар болчу. Андыктан, башкаларга окшоп “баш кошкондон кийин жуудурам” же “жуубай көрсүнчү” деген сөздөрдү айтып кыйынсынган эмесмин.

Келинчегимди идиш жуудуруш үчүн эмес, күн сайын анын жанында ойгонуу үчүн үйлөнгөм. Азыр заман өнүккөн, идиш жуучу машина бар, болбосо менин колум деле бар.

Тамакты ушундай укмуш жасайт. Беш жылдыздуу ресторандардыкы бул жакта эле калат. Көңүлү жок болсо же абдан сүйүнүп турса дароо ашканага барат. “Тамак жасап жатканда кадимкидей эс алам”,-дейт. Мен аны суктанып карап отура берем. Өкүнүчтүүсү, ойлоп тапкан рецептерин жазып койбойт. Ар жолкусунда ар башка түрүн жасайт. Балким, ошон үчүн даамдуу.

Үйлөнгөнгө чейин көчөдөн тамактанып келет элем. Азыр шаурма, аш, гамбургер, лагман же куурдак, кыскасы көчөнүн тамагын көрөйүн деген көзүм жок. Аялымдан тамагын бир жегенден кийин, өмүр бою ага көз каранды болуп калдым. Тамагын жеш үчүн идиш жууп жанында турганга даярмын. Ал жасайт, мен жууйм.

Бир жолу досторубуз конокко келди. Аялым тамак жасап дасторкон даярдады. Ичип бүткөндөн кийин ордуман туруп идиштерди жыйнап жатсам, бир досум колумдан тартып “тигиниң жыйнайт”,-деп аялымды көрсөттү. “Ал тиги эмес, менин келинчегим, аты Айжамал”,-дедим. Экөөбүз жакалаша кеттик. Андан ары эмне болгонун айтпай эле коеюн. Алар чыгып кеткенден кийин идиштерди жууп, ордуна койдум. Бөлмөмө кирсем аялым ыйлап отуруптур.

- Сен эмне ыйлап отурасың?

- Эми сени досторуң жаман ойлоп калышты го.

- Жаным, ага кабатыр болбой эле койчу. Болду, мурдуңду тарт. Аялыма жардам бергеним үчүн табалаган достун мага эмне кереги бар. Мен ал тууралуу бир грамм капа болгон жокмун. Баса, эртең жанагы салатыңдан дагы жасап берчи э.

Күлүп карады. Көңүлү түшсө же сүйүнсө тамак жасайт дебедим беле. Ашканага жөнөдү. Түндө салатка толтуруп алган курсагымды ары же бери кыла албай онтолоп жатып араң уктадым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт