"Жировой гепатоз" деген эмне? Гепатолог жооп берет
Саламатсызбы! "Жировой гепатоз" жөнүндө маалымат бере аласызбы?
Улан Кубанов
Гепатолог
Саламатсызбы! "Жировой гепатоз" - бул боордун клеткаларын май басып калуусу. Боордо салмагынан 5-10%дан ашкан көлөмдөгү майдын топтолушунан улам анын клеткалары жабыркайт. Натыйжада органда сезгенүү башталат. Ошондой эле, клеткада май көбөйгөндө боор чоңоёт. Эң жаманы цирроз жана боордун рагы пайда болушу мүмкүн.
Өз алдынча дарылоого болбойт. Дарыгердин көзөмөлү керек. Ооруунун белгилери УЗИге тартканда гана көрүнөт. Баары адамдын жоопкерчилигинен көз каранды. Беш-алты ай сайын УЗИге түшүп, дарыгер жазып берген дарыларды үзбөй ичип, диета кармашы керек. Ошондо оорунун күчөп кетишине жол берилбейт.
Ден соолукта болуңуз!